БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Бишкек: KFC тамактануучу жайында ызы-чуу чыгарууга шектелгендер эки айга камалды

Бишкек: KFC тамактануучу жайында ызы-чуу чыгарууга шектелгендер эки айга камалды

ИИМ тараткан сүрөт

Свердлов райондук соту "KFC тез тамактануучу жайында ызы-чуу салган" деп шектелеген төрт жарандын бөгөт чарасын карап, 20-декбарга чейин камакка алды. Бул тууралуу "Т-Медиага"23-октябрда Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы билдирди.

Кармалгандарды камакка алуу өтүнүчүн тергөөчү келтирген.

21-октябрда Ички иштер министрлиги Бишкектеги KFC тез тамактануучу жайында бейбаштык кылды делген төрт жаран кармалганын билдирген. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренси  (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) менен иш козголгон.

Буга чейин социалдык тармактарда топ балдар KFCге кирип барып, ызы-чуу чыгарган видео тараган. Тасмада алардын колунан Палестинанын желегин, «Бойкот» деп жазылган плакаттарды көрүүгө болот. Шектүүлөр тамактануучу жайдагы күзөт кызматкерине баш ийбей, кыйкырып, айнектерге кетчуп чачышкан.

Автор: Осмонова Айдана > 791 макала