БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Ош мэриясынын иш козголгон кызматкери кайра ишине кайтты
Ош мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Шумкарбек Пайзиев кайра кызматына кайтты. Ага быйыл июнда кылмыш ишин козголуп, жумушунан убактылуу четтеген болчу.
Маалыматты "Т-Медиага" аталган мекемеден тастыкташты. Бирок Пайзиевдин качан жумушка чыкканын ачыктаган жок.
УКМКнын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгы Шумкар Пайзиевди Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айыптап кармаган. Аны менен кошо Жолдор башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Олжобаев да кармалган.
Кийин Ош шаардык сотунун чечими менен 31-июлга чейин үй камагына чыгышкан.
Атайын кызмат аларга кайсы иш боюнча кылмыш иши козголгонун ачыктай элек. Ал эми вице-мэр Замир Юсупов "Азаттыкка" берген комментарийинде Пайзиев менен Олжобаев Ошко курула турган асфальт жана таш майдалоочу заводго керектүү техникалар боюнча шектелип жатканын айткан.
Шумкарбек Пайзиев Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп 2022-жылы декабрда дайындалган. Ага чейин Алай райондук мамлекеттик администрациясында, Ош мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүндө эмгектенген. 2018-жылдан тарта Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген.
Автор: Осмонова Айдана > 698 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat