БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Мандатын тапшырган Жусуповдун ордуна жаңы депутат келди

Мандатын тапшырган Жусуповдун ордуна жаңы депутат келди

Советбек Рустамбек уулу

Жогорку Кеңештин депутаты Эмилбек Жусуповдун ордуна Советбек Рустамбек уулу мандат алды. Борбордук шайлоо комиссиясы мындай чечимди 22-апрелдеги жыйынында кабыл алды.

"Ишеним" партиясынан шайланып барган Эмилбек Жусупов 20-апрелде мандатын тапшырууга арыз жазганы маалым болгон. Бирок чечиминин себеби айтылган эмес. 

Советбек Рустамбек уулу 47 жашта. Ош облусунун Ноокат районундагы Кыркол-Сай айылында туулган. Жеке ишкер, 2019-жылы "Алыш" күрөшүнүн вице-президенти болгон.

Автор: Осмонова Айдана > 587 статей