БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сулайман-Тоого желим баштык, идиштерди алып чыгууга тыюу салынды

Сулайман-Тоого желим баштык, идиштерди алып чыгууга тыюу салынды

Сүрөт интернеттен алынды

Ош шаарында жайгашкан Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин аймагына желим баштык жана буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу 12-январда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Ага ылайык, музей комплекстин аймагындагы пластик бөтөлкөлөрдөгү суусундук, полимер пленкасынан жасалган баштыктагы ар кандай азыктар саткан түйүндөр жабылды. Ал эми күндүн ысыгына ылайык жаңы шарттарды уюштуруу маселеси жайкы сезонго чейин чечилет. 

"Бул чечим 2023-жылдын 10-августунда "Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө" жана "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөгү" мыйзамдардын жоболорун эске алуу менен кабыл алынды. Ошондой эле тарыхый-маданий мурас объектилерин жана аларды сактоо зоналарын коргоону жана натыйжалуу пайдалануу максатын да көздөйт", -дейт министрлик.

Сулайман-Тоо музей комплекси 2009-жылы июнь айында ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген. 

2023-жылдын 10-августунда президент Садыр Жапаров Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тартып полимер пленкасынан жасалган баштыктарды жана пластик буюмдарды өндүрүүгө, сатууга жана акысыз берүүгө тыюу салган мыйзамга кол койгон. Жогорку Кеңеш аталган мыйзамды 2023-жылы 29-июнда кабыл алган. 

Өлкөдө өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарында тыюу 2024-жылдын 1-январынан тартып иштей баштайт. Кабыл алынган мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө жүгүртүүгө тыюу салынган пластик буюмдардын тизмеги аныкталган.

Алар:

  • бир жолу колдонулуучу пластик идиштердин бардык түрлөрү;
  • тамак-аш үчүн бир жолу колдонулуучу пластик идиш;
  • ПЭТ (полиэтилентерефталат, РЕТ) пластик бөтөлкөсү;
  • жумуртка үчүн пластиктен жасалган бир жолу колдонулуучу идиш;
  • кофе үчүн пластик капсулалар;
  • азык-түлүк үчүн сумка тор баштыктар.

Автор: Т-Медиа > 361 статей