БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
УТРКнын башчысынын орун басары алмашты
Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) башкы директорунун орун басары болуп Сюита Соурбаева дайындалды. Ал 14-мартта эмгек жамаатына тааныштырылганын "Кабар" маалымат агенттиги жазды.
Бул кызматты 2023-жылдын июль айынан бери Адыл Акжол уулу аркалап келген. Ал жумуштан үй-бүлөлүк шартына байланыштуу кеткенин "Т-Медиага" берген комментарийинде айтты.
Сюита Соурбаева буга чейин УТРКнын саясий-экономикалык жана социалдык багыттагы "Маалымат" студиясын жетектеп жаткан.
Ал ишмердүүлүгүн "Ала-Тоо-24" каналынан баштаган. Андан кийин Жогорку Сотто басма сөз катчы, Жогорку Кеңеште , ОшМУда, "ОшТВ", "5-канал", "Жалал-Абад" телерадиокомпаниясында эмгектенген.

Автор: Осмонова Айдана > 821 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat