БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Түркия тажик жарандарына 20-апрелден тарта виза менен киргизүү чечимин кабыл алды

Түркия тажик жарандарына 20-апрелден тарта виза менен киргизүү чечимин кабыл алды

Сүрөт интернеттен алынды

Түркияга эми тажикстандыктар виза менен кире баштайт. Бул тууралуу Тажикстандын жергиликтүү басылмалары жазышууда.

Түркиянын бийлиги виза режимин эмнеге киргизгенин ачыктаган эмес. 2024-жылдын 20-апрелинен тарта виза системасы иштей баштайт. Эми жарандар дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн виза алышы керек болот.

Тажик бийлиги да Түркиянын жарандары үчүн виза киргизээрин кабарлады. Бирок так мөөнөтү айтыла элек. 2021-жылдан баштап Тажикстандын жарандары Түркияга визасыз кирип-чыгып жүрүшкөн.

Эске салсак: 2024-жылдын 22-марттын кечинде Москвадагы "Крокус сити холлдун" концерттик залында кандуу окуя болуп, теракт жасалган. Акыркы маалыматтар боюнча кеминде 140тан ашык адам каза тапкан. Окуяга шектелип тажикстандык жарандар кармалган эле. Андан кийин Орусиянын айрым лидерлери Борбор Азиянын жарандарын виза менен киргизүүнү сунушташкан.

Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 статей