БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

УКМК экс-депутат Канатбек Исаевди кармады

УКМК экс-депутат Канатбек Исаевди кармады

Сүрөт интернеттен алынды

20-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети экс-депутат Канатбек Исаевди кармады. Бул тууралуу "Т-Медиага" өздүк булактар билдирди. 

Азырынча анын кайсы иш боюнча кармалганы белгисиз. УКМК да комментарий бере элек. 

2022-жылы октябрь айында Канатбек Исаев Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалган саясатчы жана активисттер менен чогуу камакка алынган. Райондук сот ал 2017-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген.  Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-январда саясатчынын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Ал 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. 4-ноябрга чейин спикер болуп иштеп, президенттик шайлоого талапкерлигин койгону үчүн кызматтан алынган.

Автор: Осмонова Айдана > 795 макала