БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Сот «Социал-демократтар» партиясынын арызын четке какты

Сот "Социал-демократтар" партиясынын арызын четке какты

"Социал-демократтар" партиясынын логосу

Бишкектин Административдик соту "Социал-демократтар" партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоодон четтетүү чечимин жокко чыгаруу өтүнүчүн четке какты. 

Аталган сот партиянын  өтүнүчүн 21-ноябрда караган. Жыйынтыгында арыз канааттандырылган эмес.

14-ноябрда "Социал-демократтар" партиясы шаардык кеңешке өтө турган шайлоодон четтеген. Буга Бишкек шаардык милициясынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгү ("Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу") боюнча козгогон кылмыш иши жана тергөөнүн маалыматы негиз болгон.

Бул иш боюнча партиянын 10 мүчөсүн суракка алынып, алардын ичинен партия лидери Султанбеков жана партиянын шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкина менен Роза Турксевер аттуу адам кармалган. 15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту аларды эки айга камакка алган

Алар коюлган айыпты четке кагып, саясий басым деп баалап жатышат. 

Кыргызстанда 17-ноябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 33 шаарда жана 231 айылдык кеңеште өттү. Жалпы шаардык кеңештердеги миңдей мандат үчүн беш миңдей талапкер ат салышты. 231 айылдык кеңештин депутаттыгына 10 миңдей жаран талапкерлигин койгон. 

Автор: Осмонова Айдана > 763 макала