БАШКЫ БЕТ > Макалалар

Ош: аянтты көрктөндүрүүгө 2,5 млн сарптоону пландаштырды

Ош: аянтты көрктөндүрүүгө 2,5 млн сарптоону пландаштырды

"Т-Медианын" коллажы

Ош шаарында жаңы жылдык балаты орнотулууда. Борбордук аянтка анын темир каркастары тургузула баштады. Мэрия быйыл кооздоо иштерине канча коротот? Кандай өзгөчөлүк болот? Тендерин карап чыктык.  

Ош мэриясы былтыр тургузулган 28 метрлик балатыны кайра коюп, акчаны үнөмдөгөнү жатат. Болгону жасалгасы башка болот. Балатыны оюнчуктар менен кооздоп, аянтты көрктөндүрүүгө Муниципалдык менчик башкармалыгы 2 миллион 494 миң 465 сомго тендер жарыялаган. 

Бул каражат анын каркасын тургузуп, кайра бузууга, оюнчуктарды илүү үчүн крандардын кызмат акысына, балатыга 350 даана жалбырак,  каркастарын бириктирүү үчүн 85 даана темир хомут, арчанын айланасына арка жасоо үчүн керектелүүчү темир, профилдерден 350 даана сатып алууга жумшалат. Мындан сырткары арчанын айланасына арка жасоо үчүн жылдыз сымал жана оймо гүлдөрү бар темир, профилдерден 36 даана, арчаны жарыктандыруу үчүн 570 метрлик кабель жана дизайнга ылайык жасап, краскалоо үчүн рейкалар алынат. 

Тендердин жыйынтыгы 22-ноябрда чыгат. Бирок ага чейин эле балаты орнотула баштады. Мэрияга караштуу Маданият башкармалыгы аны мынтип түшүндүрдү:

"Мэриянын кызматтары тургузууда. Ашар жолу менен эле кетип атат. Ишти эртелетиш үчүн ушундай кылдык. Биз карказдарды коюп койсок алар (ред-уткан компания) келип улантат. Ал жерде иш көп да. Суук, ар бир гайкага убакыт кетет. Жаң жылды тоскондор бар, тоспогондор бар, күткөндөр бар, күтпөгөндөр бар, сүйгөндөр бар, сүйбөгөндөр бар. Ошонун баарын эске алып эртерээк баштап атабыз", -деди башкармалыктын жетекчиси Элдияр Кадыркулов. 

Кадыркулов майрамдык иш чара былтыркыдан өзгөчөлөнүп, "балатылар шаарчасы" менен толукталарын айтты. Ошондой эле флешмоб өтөт. 

"Негизи "Балатылар шаарчасы" болот деп пландап атабыз. Шаар тургундарын жасалгалоого чакырган флешмоб болот. Мындай айтканда ар бир катышуучу келип, оюнчуктарды, жылдыздарды илишет. Ошого "Келгиле, биргеликте балаты жасайлы" деген девиз менен уюштурулат. Каалаган адам келип өзүнүн убактысын бөлүп кетсе болот", -деди ал. 

Быйыл Ош жаңы жылдык жасалгалоого дээрлик 2,5 миллион жумшаганы турат. Тендеринде балатынын каркасын орнотуу каралган. Бирок анын жыйынтыгы чыга элек эле балаты тургузула баштады. 

Эске салсак: былтыр майрамга мэрия 3 млн 399 миң сом сарптаган. 

Автор: Т-Медиа > 380 макала