БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК: Раззаков шаарында мектеп-гимназиянын жерин мыйзамсыз сатылгандыгы аныкталды

УКМК: Раззаков шаарында мектеп-гимназиянын жерин мыйзамсыз сатылгандыгы аныкталды

УКМК тараткан сүрөт

Раззаков шаарынын вице-мэри, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Лейлек району боюнча бөлүмүнүн адиси жана мэриянын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы жерди мыйзамсыз сатууга шектелип кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Раззаков шаарындагы №4 мектеп-гимназиясынын балансындагы 140 чарчы метр жер тилкеси түз сатуу-сатып алуу келишими менен 40 миң сомго мыйзамсыз сатылып кеткен. Бирок “Эксперт Групп” ЖЧКсынын көз карандысыз экспертинин корутундусуна ылайык, аталган жер тилкесинин иш жүзүндөгү баасы аны сатуу учурунда 1 миллион 200 миң сомдон ашык болгон.

Шектүүлөр Баткен облустук ички иштер башкармылыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарына карата тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

"Лейлек районунун бир катар кызмат адамдары, Раззаков райондук жергиликтүү кеңешинин айрым депутаттары жана жеке адамдар менен сүйлөшүп алып, мыйзамсыз иш-аракеттерин жасагандыгы боюнча төгүндөлгүс далилдер алынды”-деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

 

Автор: Осмонова Айдана > 634 статей