БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
ВИЧ/СПИД жөнүндө 8 миф
ВИЧ-СПИД тууралуу кандай мифтерди уккансыз? Айрымдар чындык катары кабыл алып жүргөн талаш суроолорго Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВди көзөмөлдөө борборунун дарылоо бөлүмүнүн башчысы Улукбек Моторовдон жооп алдык.
ВИЧ - бул орусча аталышы. Кыргызчасы адамдын иммундук жетишсиздиги синдрому деп которулат. Ал күчөп кеткенде СПИДге айланат. Түшүнүктүү болуш үчүн материалда орусча аталышын колдондук.
1-миф: ВИЧ кол алышуу, кучакташуу же идиш-аякты чогуу колдонуу аркылуу жугат.
- Чындык: ВИЧ үч жол менен — жыныстык жол менен, кандан канга жана энеден балага гана жугат. Кадимки дене контакты мисалы, кол алышуу, кучакташуу же идиш-аякты чогуу колдонуу аркылуу жукпайт.
2-миф: ВИЧ курт-кумурскалардын чакканы аркылуу жугат.
- Чындык: ВИЧ курт-кумурскалар чакканда жуккан бир да учур катталган эмес. Вирус курт-кумурскалардын денесинде көпкө жашабайт.
3-миф: ВИЧ — "өлүм жазасына" тете оору.
- Чындык: ВИЧ инфекциясы деген диагноз бул жөнөкөй эле вирустук өнөкөт оорулардын катарына кирген. Бүгүнкү күндө ВИЧ менен жашаса, окуса, иштесе, жада калса үй-бүлө куруп, дени сак балалуу болууга болот. Азыркы антиретровирустук дарылардын аркасы менен ВИЧ менен жашаган адамдар узак жана ден соолугу чың өмүр сүрө алышат. Дарылануу вирус жугуу коркунучун дээрлик нөлгө түшүрөт.
4-миф: ВИЧ гомосексуалдарга же баңгизат колдонуучуларга гана жугат.
- Чындык: ВИЧ адамдын жашын, жынысын же жумушу боюнча статусун ылгабайт. Эгерде алдын алуу жолдорун билбесе, ар бир адам жуктуруп алышы мүмкүн.
5-миф: ВИЧ менен жашаган адамдар ден соолугу чың балдарды төрөй албайт.
- Чындык: Жок, бул таптакыр чындыкка дал келбейт. Бүгүнкү күндө медицина алдыга кадам таштады. ВИЧ менен жашаган аялдар дени сак, акыл эстүү балалуу болууга толук мүмкүнчүлүк бар. Бир гана жагдай, боюнда бар учурда же төрөгөндөн кийин дарыгерлердин такай көзөмөлүндө болуп, керектүү көрсөтмөлөрдү аткарып туруш керек. Мына ошондо вирустун балага жугуу коркунучу дээрлик жокко чыгат.
6-миф: Элдик дарылар жана альтернативдүү медицина ВИЧти айыктыра алат.
- Чындык: Элдик дарылар айыктыра албайт жана дарылоону кечиктирсе, бейтаптын абалы начарлашы мүмкүн. ВИЧ айыккыс оорулардын катарына кирет. Инфекцияны биротоло өлтүрүп, денеден чыгарып ийчү дары-дармек дүйнө жүзүндө жок. Атайын дарылардын жардамы менен организмге түшкөн вирусту көбөйтпөй, көзөмөлдөп турса болот.
7-миф: ВИЧке жасалган тесттер дароо так жыйынтык берет.
- Чындык: Инфекция лабораториялык жол менен гана аныкталат. Адамдын сырткы келбетинен анда ВИЧ жашап жатканын билүү мүмкүн эмес. Тестирлөөдөн өтүп гана өзүнүн статусун аныктап алса болот. Тестирлөөнүн түрлөрү бар. Веналык кан аркылуу анализ тапшырып көрсө болот. Андан тышкары шилекей суюктугу менен да мүмкүн.
8-миф: Дарылоону эрте баштаса, ВИЧти толук айыктырса болот.
- Чындык: ВИЧти толук айыктырууга мүмкүн эмес. Бирок дарылануу вирусту көзөмөлдөп, толук кандуу жашоого шарт түзөт.
Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat