БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Милиция «өз атасы зордуктады» деген маалыматты териштире баштады
"Майыптыгы бар 17 жаштагы кызды өзүнүн атасы зордуктаган" деген маалыматты Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы текшере баштады. Бул тууралуу мекемеден 9-январда билдиришти.
Милициянын маалыматына караганда, 2024-жылдын 30-декбарында үй-бүлөлүк зомбулук боюнча билдирүү келип түшкөн. Бул факт боюнча С.Б. аттуу жаран Укук бузуулар кодексинин 70-беренесинин (Үй-бүлөлүк зомбулук) негизинде кармалган. Шектүү соттун чечими менен жети күнгө камакка алынд. Ал Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалат.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү кыздын өз атасы болуп чыккан. Кыздын апасы арыз менен кайрылган. Азыркы учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалганы айтылды. Анын жыйынтыгы менен процесстик чечим кабыл алынат.
Буга чейин,блогер Алтынай Арстанбекова "Фейсбуктагы" баракчасында түз эфирде кыздын энеси менен маектешкен. Анда ал жолдошу бир топ жылдан бери зордук-зомбулук көрсөтүп келгенин кан. Былтыр 30-декабрда да сабаганын, кийин кызы зордукталганын билгенин билдирген.
Автор: Осмонова Айдана > 821 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat