БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Жалал-Абадда 12 адам тамакка уланып, экөө ооруканага жаткырылды
Жалал-Абадда 12 адам тамакка ууланып, экөө ооруканага түштү. Алардын абалы орточо оор экенин "Т-Медиага" Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору Каарманбек Байдавлетов билдирди.
Байдавлетовдун айтымына карганда, алар 25-мартта Жалал-Абаддагы "Саты форел" деген тамактануучу жайга ооз ачарга барышкан. Ал жерден балык, салат жешкенден кийин баары кусуп, облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө кайрылган.
"Баары текшерилип, анализ тапшырышты. Он адамдын абалы жакшы болгондуктан үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Ал эми ортчочо оор абалдагы экөө ооруканага жаткырылды", -дейт ал.
Байдавлетов санитардык-эпидемиология көзөмөл борбору тарабынан аталган жайды текшерүү иштери башталганын айтты.
Бул облуста жыл башынан бери тамак-ашка ууланган алгачкы учур. Жалал-Абад райондор аралык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Рома Ураимовдин маалыматы боюнча, былтыр Жалал-Абадда мындай 16 учур катталып, 71 адам жабыркаган.
Автор: Осмонова Айдана > 791 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat