БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жалал-Абад шаарына ипотекалык ыкмадагы төрт үй курулууда

Жалал-Абад шаарына ипотекалык ыкмадагы төрт үй курулууда

Сүрөт: МИК/ 16.10.2023

Жалал-Абад шаарына мамлекеттик ипотека менен берилчү төрт көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүүдө. Ар бири тогуз кабаттан туруп, 639 батирлүү болот. Бул тууралуу "Т-Медиага" мамлекеттик ипотекалык компания билдирип, курулуш иштери былтыр октябрда башталганын маалымдады. 

Мекеменин билдиришинче, долбоор аймактардан биринчи болуп Жалал-Абадда башталган. Турак-жайлардын курулушун 2024-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалган. Батирлер мамлекеттик кызматкерлерге, майыптыгы барларга, көп балалуу жана жалгыз бой үй-бүлөгө 4%дык үстөк менен, калган тургундарга 8%дык чек менен берилет. Баштапкы төлөмү жок, 25 жылга ипотекага берилет. 

Жалал-Абад шаардык мэриясы учурда эки миңден ашуун адам турак-жай алууга кезекте турганын маалымдады.

Автор: Осмонова Айдана > 587 статей