БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жалал-Абаддагы "Курманбек" стадиону оңдолуп, колдонууга берилди

Жалал-Абаддагы "Курманбек" стадиону оңдолуп, колдонууга берилди

Сүрөт: Кыргыз футбол биримдиги

Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадиону капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 15-майда пайдаланууга берилди. Ага жалпы шаар казынасынан 70 млн сом жумшалса, стадиондун футбол талаасын жаңылоону жана жарыктандырууну демөөрчүлөр каржылаган. 

Мэриянын маалыматына караганда, стадиондун гибриддик оюн талаасы, сугаруу системасы, жарыктандыруу, көрүүчүлөр отурган отургучтардын 65%ы жана VIP залы толугу менен жаңыланган. Ошондой эле спортчулардын кийинүүчү жана жунуучу жайлары, эс алуу бөлмөлөрү, машыктыруучулардын бөлмөлөрү да толугу менен оңдолуп, 50 чарчы метрди түзгөн чоң экран орнотулган. 

Мындан сырткары футболчулардын коопсуздугу үчүн футбол талаасынын айланасы тосулуп, сырткы короосунун тосмолору алмаштырылды.

Курманбек стадионунун дагы бир өзгөчөлүгү - Кыргызстанда биринчи жолу VAR-системасы орнотула турган арена болуп эсептелинет.

Ачылыш аземине Кыргыз футбол союзунун президенти, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан. Ачылышынан кийин дароо Кыргызстандын 1XBET премьер-лигасынын "Мурас Юнайтед" жана "Илбирс" командаларынын беттеши башталган.

"Курманбек стадиондун учурдагы жалпы аянты 3,68 гектарды түзөт. Ал эми кезинде жеке жактарга өтүп кеткен стадиондун 0,54 гектар жер аянтын кайтарып алуу боюнча иш шаардык сотто каралып жатат", -деп айтылат маалыматта. 

Курманбек стадиону 1967-жылы ашар жолу менен курулган. 2015-2016-жылдары аталган стадиондун айрым бөлүктөрү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев январь айында аталаган стадиондун абалы менен таанышып, жетекчилигин сынга алган. Ташиев аларга эскертүү берип, ондоп-түзөө иштерин тездетүүнү тапшырган. 

Автор: Осмонова Айдана > 587 статей