БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жапалак унаа базарындагы мыйзамсыз чогулду делген 2,5 млн сом боюнча прокуратура териштирүү жүргүздү

Жапалак унаа базарындагы мыйзамсыз чогулду делген 2,5 млн сом боюнча прокуратура териштирүү жүргүздү

Сүрөт: "Т-Медиа"

Ош шаарындагы Жапалак унаа базарынын тарифи ушул жылдын май айында мэр Бакытбек Жетигеновдун буйругунун негизинде көтөрүлгөн. Жаңы төлөм менен унаа базар бир ай иштеп 2,5 миллион сом тапкан. Бирок кийин токтом мыйзамсыз деп табылып, тариф кайра баштапкы абалына кайткан.

Жетигеновдун буйругунда тарифтик баа ишемби күнгө 100 сом, жекшемби күнгө 200 сом болуп көтөрүлгөн. Ал эми жарандардан чогулган каражат Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына которулуп берилгенин аталган унаа базарынын экономисти Миркасым Байказаков билдирди.

Бирок бул маселе боюнча Ош шаардык прокуратурасы териштирүү жүргүзүп, тарифтин мыйзамсыз жогорулатылганы боюнча мэрияга кат жолдогон.  

"Бизде мыйзамдарга ылайык, жергиликтүү салыктарды шаардык кеңеш бекитип бериши керек. Бирок бул жерде алардын макулдугу алынган эмес экен. Прокуратура шаардык мэрияга алардын кабыл алган чечимдери мыйзамсыз экенин көрсөтүп, аны жокко чыгаруу боюнча прокурордук акт жөнөткөн", -дейт Ош шаардык прокуратурасысынын өкүлү Канат Насипов.

Ал эми калаа башчы Бакытбек Жетигенов буга чейинки маектеринде туура эмес аракети боюнча өзү дагы моюнга алып, өзүнүн токтомун жокко чыгарганын билдирген.

Жыйылган акча мыйзамдуубу? 

Тарифти өз алдынча көтөргөндөн кийин жыйылган акча канчалык мыйзамдуу болот? Ош шаардык мэриясынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Эрлан Атабаев аталган буйрук мыйзамдуу экенин билдирип, каражат эмне болгонун айтып берди.

"Жапалак унаа базарынан чогулган акча каражаты мэриянын казынасына түшкөн. Азыр деле ал жактагы чогулган акчалар Мунципалдык менчик башкармалыгы аркылуу бюджетке түшүп турат", -деди ал. 

Жапалак унаа базары 2500 автоунаага ылайыкташкан. Мекеме жетекчилигинин маалыматына караганда, ал жерге күнүнө 4 миңге чукул унаа кирип-чыгат. Учурда унаа базардын тарифи жуманын иш күндөрү 30 сом, ишембиде 150 сом, ал эми жекшемби күнү 200 сом.

Автор: Улукбек кызы Асем > 310 статей