БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жашыруун төрөткө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты

Жашыруун төрөткө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты

Интернеттен алынды

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Садырбаева турмуштук оор кырдаалга кабылган аялдарга жашыруун түрдө төрөөгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп чыкты. Документ 15-декабрда коомдук талкууга чыкты. 

 

Ага ылайык, жашыруун төрөттүн алкагында эне атайын мекемеде төрөп, өзүнүн инсандыгын жана аты-жөнүн үчүнчү жактарга, анын ичинде төрөт процессине катышкан дарыгерлерге жана медициналык кызматкерлерге билдирбестен, конфиденциалдуу бойдон калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Долбоордун максаты катары мамлекеттик саламаттык сактоо системасын модернизациялоо, кош бойлуулугун жашырган эненин жана ымыркайдын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо аркылуу адамдардын ден соолугун коргоо деңгээлин жогорулатуу деп көрсөтүлгөн. Документте энеге да, ымыркайга да квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүлөт. Мындай учур үйдөгү төрөт маалында көп кездешүүчү ар кандай кыйынчылыктардын алдын алууга өбөлгө түзөрү жазылган.

Мыйзам долбоорунун милдеттери болуп пландаштырылбаган төрөт учурунда эненин жеке маалыматтарын коргоо жана анын купуялуулугун сактоо саналат. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, эне жаңы төрөлгөн ымыркайын баланы багуу жана андан ары асырап алуу процесси үчүн шарттары бар атайын дайындалган мекемеге калтыра алат.

"Коом мамлекеттик айыптоочунун позициясында туруп алып, айласы кеткен аялдын баласынан баш тартып жатканына эмне түрткү болуп жатканын билгиси келбесе, абал жакшы жакка өзгөрбөйт. Бактылуу аял эч качан өз балдарын таштабайт. Эгер, аял кыйын учурда жардам сурай турган киши таппаса, ушундай маселелер дайым трагедия менен аякташы толук мүмкүн. Демейде, мындай аялдар өзүнө да, балага да зыян келтирип, гинекологго да катталбайт. Ушул сыяктуу учурлардын көпчүлүгүндө, аял узак убакыт бою баладан кантип кутулууну ойлонот. Мындайда ал ымыркайды өлтүрүп, өзүнүн анонимдүүлүгүн сактап калуу максатында, аны бирөө-жарым таап, таанып же жазалабасын үчүн жакындарынын жана коомдун айыптоолорунан "коргонуу" чечимин кабыл алат", -деп жазган депутат. 

Мындан сырткары депутат жашыруун төрөт жаңы төрөлгөн баланын өмүрүн жана ден соолугун сактоого жардам берерин белгилеген. Ошондой эле иш жүзүндө төрөт үйлөрүндө кызмат көрсөтүү милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан төлөнбөйт деген таризде жашуруун төрөттөн баш тартып жатышкандыгын кошумчалаган. 

Эске салсак: Кыргызстанда ноябрь айында жаңы төрөлгөн ымыркайларды көчөгө таштаган үч окуя катталган. Ал эми жыл башынан бери 14 бала ташталган. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей