БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жеке маалыматтарды коргоо агенттиги "хакердик чабуул" окясы боюнча үн катты

Жеке маалыматтарды коргоо агенттиги "хакердик чабуул" окясы боюнча үн катты

Сүрөт интернеттен алынды

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик кыргызстандыктардын жеке маалыматтары жарыяланган деген маалымат боюнча 5-июнда комментарий берди. Анда мекеме бул боюнча териштирүү жүргүзүп, басылмаларга чыккан маалыматтар чындыкка дал келбейт деген бүтүмгө келгени жазылган.

Агенттик 600 миңдей жаранга таандык делген маалыматтар талданып чыкканын, алар "2020-жылы Мамлекеттик салык кызматынын сервисинен чыгып кеткен маалыматка окшош" деп билдирген. Мекеме соңку учурда мамлекеттик органдардын мамлекеттик тутумдарынан жеке маалыматтар чыгып кеткен учур катталбаганын тактаган.

Жеке маалыматтарды коргоо агенттиги жарандарды жеке маалыматтарды сактоого жана аларды иштетүүгө байланышкан тобокелдиктерди эске алууга жана ал маалыматтарды коргоо үчүн зарыл нормаларды сактоого чакырган.

Мунун алдында өзүн Team Insane Pakistan деп атаган хакердик топ Телеграм-каналына 600 миңден ашуун кыргыз жарандарынын жана компанияларынын жеке маалыматын ачыкка чыгарганын жарыялаган. Хакердик топ мунун себебин 18-майга караган түнү Бишкекте чет элдик студенттерге зордук-зомбулук көрсөткөн окуяга "каршылык катары жасалган иш" деп түшүндүрүүдө.

Бул маселе Жогорку Кеңештин 5-июндагы жыйынында да көтөрүлүп, депутат Балбак Түлөбаев хакердик чабуул боюнча өкмөт чара көрүшү керектигин сунуштаган.

Бул хакердик чабуул тууралуу "Азаттык" 4-июнда көлөмдүү материалын жарыялаган. Анда хакердик топтун анонимдүү автору кыргызстандыктардын жеке маалыматы "Жогорку Соттун сайтынан алынганын, gov.kg сайттарынын баарынын коопсуздугу чабал экенин" билдирген. Жогорку Сот мындай маалыматты четке кагып, мекеменин серверинде жарандардын жеке маалыматы сакталбай турганын тактады.

Team Insane Pakistan тобу жарыялаган тизмедеги адамдардын аты-жөнү Кыргызстанда учурда жана мурда мамлекеттик кызматты аркалаган аттуу-баштуу адамдардын ысымдарына дал келген ондогон мисал бар. Маселен, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин, Министрлер кабинетинин төрагасынын үч орун басары Адылбек Касымалиевдин, Камчыбек Ташиевдин жана Эдил Байсаловдун, салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдуваповдун жана бир катар мурдагы саясатчылардын аты-жөнүнө дал келген ысымдарды көрүүгө болот.

Автор: Т-Медиа > 347 статей