БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды

Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды

Сүрөт интернеттен алынды

17-октябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоонун үгүт иштери башталды. Өнөктүк 15-ноябрга чейин уланып, шайлоо 17-ноябрда өтөт. 

Бул ирет шайлоого 39 партия катышууда. Жалпы 4928 талапкер катталган, анын ичинен 3183ү эркек, 1745и аялдар.  Эң көп – тогуз партия Кант, Кара-Балта, Токтогул жана Базар-Коргон шаарларында катышат. Раззаков, Сүлүктү жана Балыкчы шаарларында сегиз партия талапкерлерин көрсөттү. Ал эми Айдаркен, Көк-Жаңгак, Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Майлуу-Суу шаарларында үч партиядан катышуучулар бар. Башка шаарларда төрттөн сегизге чейин партия ат салышат.

17-ноябрда 264 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт. Анын ичинде 33 шаардык, 231 айылдык кеңешке депутаттар шайланат. Шайлоонун чыгымы дээрлик 500 млн сом деп эсептелген. 

Президент Садыр Жапаров жарандарды шайлоого активдүү катышууга чакырып, бийлик бийлик шайлоого кийлигишпей турганын билдирди. 

Автор: Осмонова Айдана > 649 статей