БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ЖК комитети "Аталар күнүн белгилөө" боюнча мыйзам долбоорду биринчи окууда колдоду

ЖК комитети "Аталар күнүн белгилөө" боюнча мыйзам долбоорду биринчи окууда колдоду

Сүрөт: Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети 10-июндагы жыйынында өлкөдө "Аталар күнүн белгилөө" боюнча мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды. 

Жыйында депутат Медер Алиев баяндама жасап, аталган мыйзам долбоору аталардын Кыргызстандын тарыхында өзүнүн ордун тануу, барктоо менен кошо алардын үй-бүлөдө, коомчулукта жоопкерчиликти жогорулатуу болуп саналаарын билдирди. 

"Эл аралык тажрыйбаны карап көрдүк. Маселен АКШ да аталар күнүн белгилөө күнү бар экен. АКШнын ошол учурдагы президентти өзү колдоого алган экен. Кореяда, Орусияда, башка да өнүккөн Европа мамлекеттеринде бар экен. Бул күнү үй-бүлөлөр топтолуп, жаратылышка чыгып же ак дасторкон жайышып, аталары өтүп кеткен болсо, эскерип бар болсо ыраазычылык айтышат. Аны уккан ата сөзсүз жоопкерчиликти сезет. Азыр коомчулукта үрөй учурган учурлар да жок эмес. Ошолордун бирден-бир руханий деңгээлде чечүүнүн жолу ушул мыйзам долбоору биздин пикирибизде", -деди ал.

Мыйзам долбоорду ушул жылдын март айында депутат Медер Алиев иштеп чыгып коомдук талкууга койгон. Документте коомдун өнүгүшүндө аталардын ролун жана кошкон салымын белгилөө, ошондой эле үй-бүлөнү чыңдоо жана эркектин жоопкерчилигин жогорулатуу экендиги белгиленген.

Долбоор боюнча, Аталар күнү 15-мартта майрамдалат. Бирок дем алыш күн болуп саналбайт.

Автор: Осмонова Айдана > 587 статей