БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору толукталып, кайрадан иштелип чыкты

ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору толукталып, кайрадан иштелип чыкты

Сүрөт: Маданият министрлиги

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоору тиешелүү мамлекеттик органдар жана медиакоомчулук менен биргеликте толукталып, кайра иштелип чыкканын 25-июнда маалымдады.   

Мыйзам долбоор 28-июнь күнү саат 10:00дө Бишкектеги Улуттук тарых музейинин чоң залында талкууланат. Ага Жогорку Кеңештин, мамлекеттик органдардын, медиакоомчулуктун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана бардык кызыкдар тараптар чакырылган. 

ЖМК мыйзамын иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топто "Медиа Полиси" институтунун юристи Нурбек Сыдыков, Kaktus.media басылмасынын негиздөөчүсү Дина Маслова, "Азаттыктын" кызматкери Кубат Оторбаев, NextTV телеканалынын башкы продюссери Дмитрий Ложников, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жана юрист Акмат Алагушев бар. Дагы башка адистер да кошулуп. жумушчу топко маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу жетекчи болуп бекитилген.

Ушул жылдын 13-мартында президент Садыр Жапаров ЖМК жөнүндө мыйзамды артка кайтарып алуу тапшырмасын берген. 

"ЖМК жөнүндө" мыйзамды 2022-жылы ноябрда президенттин администрациясы сунуштап чыккан. Анда медиа мекемелердин, журналисттердин иштөө тартиби, маалыматты топтоо жана аны таратуунун жол-жоболору жазылган. Президенттик администрация 30 жыл мурун кабыл алынган "ЖМК жөнүндө" мыйзам эскиргенин, аны жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү зарылдыгын белгилеп, негизги аргументтердин бири - азыркы мыйзамда маалыматты интернет аркылуу тараткан медиа каражаттардын иши тескелбей жатканы көрсөтүлгөн.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей