БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жогорку сот Олжобай Шакирди пробациялык көзөмөл менен бошотту

Жогорку сот Олжобай Шакирди пробациялык көзөмөл менен бошотту

Сүрөт: Максат Боромбаев/ tmedia.kg

Жогорку сот жазуучу жана публицист Олжобай Шакирдин ишине байланыштуу адвокаттардын кассациялык арызын карап, үч жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл менен бошотуу өкүмүн чыгарды.

15-июлда Чүй облустук соту Олжобай Шакирдин адвокаттарынын Аламүдүн райондук сотунун өкүмүнө каршы жазган апелляциялык арызын карап, райондук соттун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.

14-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту массалык башаламандык уюштурууга айыптап Олжобай Шакирди беш жылга кескен. Ал бул соттун чечимин "адилетсиз" деп баалаган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы жазуучуга карата Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("Массалык башаламандыктар") менен иш козгоп, 2023-жылы 23-августта кармап кеткен. Атайын кызмат жазуучу "Facebook, TikTok жана YouTube социалдык тармактарында чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдү жайгаштырып, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана жапырт башаламандыкка чакырган билдирүүлөрдү жайгаштырып келгенин, бул боюнча эксперттик корутунду да чыкканын" билдирген.

Ал өзүнө тагылган айыпты четке каккан.

Олжобай Шакир бийликтин дарегине ачуу сын-пикир айтып келет. Камалганга чейин Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берилишин сындап, ага каршы чыккан. Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди маекке чакырган. 31-августта онлайн митинг өткөрүүнү демилгелеген.

Автор: Максат Боромбаев

Автор: Анарбаева Наргиза > 156 статей