БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Журналист Гулжан Шерипбаева 1-декабрга чейин камакка алынды

Журналист Гулжан Шерипбаева 1-декабрга чейин камакка алынды

Сүрөт интернеттен алынды

Nazarnews сайтынын жетекчиси Гулжан Шерипбаева Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына 1-декабрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу “Т-Медиага” Бишкектин Биринчи май райондук соту билдирди.

 


Ага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (“расалык, этностук, улуттук жана диний аралык кастыкты козутуу”) боюнча кылмыш иши козголуп, айып коюлган.

“Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2023-жылдын 18-ноябрындагы чечими менен айыпталуучу Ш.Г.К. Алдын ала баш коргоо чарасы 2023-жылдын 1-декабрына чейин камакка алуу түрүндө колдонулуп, КР Юстиция министрлигинин ИИБнын 21- мекемесинде камакка алынган”,-деп маалымдаган сот.

Шерипбаева өзүн УКМК кармап кеткенин 16-ноябрь күнү түш чамасында "Фейсбуктагы" баракчасына жазган. Ал акыркы кезде соцтармактарда бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып жүргөн. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупция үчүн соттолгон жана сотто күнөөсүн моюнуна алган Райымбек Матраимовду колдоп жүргөнү белгилүү.

Автор: Улукбек кызы Асем > 284 статей