БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Күнүнө 50 миң сом сунуштаган жумуш. Мындай катты эмнеге ачпоо керкек?

Күнүнө 50 миң сом сунуштаган жумуш. Мындай катты эмнеге ачпоо керкек?

Сүрөт интернеттен алынды

Сиздин вотсабыңызга белгисиз номерлерден күнүнө 300 сомдон 50 миң сомго чейин айлык сунуштаган кат келип жатабы? Ишенбеңиз жана аларга жооп да жазбаңыз. Билдирүүнү ачпай койгонуңуз да туура болот. Эмнеге? Алдыда түшүндүрүп беребиз. 

Күнүнө акча табууга азгырган билдирүү мага да келди. Анда "эгерде сиз биздин мейманканы онлайн жайылтууга жардам берсеңиз, күн сайын 300дөн 8650 сомго чейин акы аласыз" деп айтылат. Ал үчүн болгону уюлдук телефон керек. Эгер, алардын катарына кошулгуңуз келсе, катка жооп берип коюу сунушталат. 

Ушул эле билдирүү биздин окурманга башка телефон номурдан келген. Ал "ишенсе болобу?" деп редакцияга жөнөттү.

Дагы бир катта орусиялык HeadHunter рекрутинг компаниясы күнүнө жарым саатка чейин гана иштеп, 50 миңден 100 миң сомго чейин каражат табуу мүмкүн экенин убадалайт. 

Алгач билдирүүлөрдү жиберген номурларды карап чыгалы. Алар +62 же Индонезия өлкөсүнө таандык код менен башталат. 

Мындай билдирүүгө жооп жазууну сунуштабайбыз. Себеби, катты ачканда ушул эле сунуштар сиздин телефондо сакталган номурларга тарап кетет. Башкача айтканда контагыңыздагы адамдарды да шылуундарга жолуктуруп коюшуңуз мүмкүн.

Биз буга чейин да ушул сыяктуу билдирүүлөрдү төгүндөгөнбүз. Мисалы, "Фейсбук" кыргызстандыктарды жумушка алып атканы тууралуу  маалымат фейк болуп чыккан. Билдирүү Малайзия жана Чили өлкөлөрүнө таандык номурлардан келгени аныкталган. Алар сизди жумушка орнотууну убадалап, жеке маалыматтарыңызды жана банктык эсебиңизди сурашат. Ошондой эле интернетте арзан пайыз менен насыя сунуштагандар Бениндик шылуундар экенин маалымдаганбыз

Ички иштер министрлиги дагы интернет-шылуундардын курмандыгынан сактануу керектигигин эскертүүдө. Министрликтин маалыматына ылайык, шылуундар алгач банктардыкына түспөлдөш веб-сайттарда ачат жана ал аркылуу, кат, SMS билдирүүлөрдү колдонуучуларга жиберип, алардын сыр сөзүн, жеке маалыматын ала алат. Ага ишенген жарандар жасалма  сайттарга кирип, жеке кабинетте катталып, каржыга кирүү үчүн логин жана паролду ачып салышат. Алдамчылар маалыматтарды алган соң банктык эсептеги акча каражаттарды толугу менен алып кетишет.

Андыктан сизге келип жаткан каттарга олуттуу көңүл буруңуз. Эгерде күмөндүү шилтемелер болсо, такыр ачпай эле коюңуз. Себеби сиздин электрондук капчыктарыңыздан жана банктагы эсебиңизден акча уурдагысы келген шылуундар ушул сыяктуу жолдорду көп колдонот.

Жыйынтык: фейк. Кыргызстандыктарга күнүнө 50 миң, 100 миң айлык сунуштап кат жиберген номерлер Индонезияга таандык. Алар жумушка орноштурууну убадалап, жеке маалыматтарыңызды жана банктык эсебиңизди сурайт. 

Автор: Т-Медиа > 361 статей