БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Фейсбук" кыргызстадыктарды жумушка алып атабы? Текшеребиз

"Фейсбук" кыргызстадыктарды жумушка алып атабы? Текшеребиз

Сүрөт интернеттен алынды

"Сиз "Фейсбукка" (Meta) жумушка кабыл алындыңыз"/

Акыркы күндөрү "Мегаком" уюлдук компаниясынын абоненттерине ушундай кубанычтуу каттар келе баштады. 

Дүйнөдөгү эң ири компаниялардын бири кыргызстандыктарды чын эле жумушка алып атабы же тескеринче, бул билдирүү сизге түйшүк жаратышы мүмкүнбү? Сизге дагы ушундай кат келсе эмне кылыш керек? T-Media бул маалыматты текшерип чыкты.

Бул билдирүүдө "социалдык тармактын колдонуучуларына күнүнө жарым гана саат иштеп, бир эле күндө 38 миң 700 сомго чейин таап алууга мүмкүнчүлүк бар" деп айтылат. Facebook Meta командасына ассистент кызматы сунушталат. Ал үчүн берилген шилтеме аркылуу өтүп, орун брондоп коюуш керек. 

Алгач билдирүүнү жиберген номерди карасак, ал +60 же Малайзия өлкөсүнө таандык код менен башталат. Ушул жерден дароо айта кетчү жагдай, Metaнын башкы офиси Калифорния штатынын Менло-Парк шаарында жайгашкан. 

Ал эми катта тиркелген +56 коду менен башталган WhatsApp номери Чилиге таандык экенин көрө алабыз. Биз ал номерге жазып көрдүк. Алгач жашыбызды сурады. Негизи ушундай учурда өзүңүз тууралуу маалыматты айтууда этият болушуңуз керек. Бирок биз алардын максатын билүү үчүн жашыбызды улуураак кылып айттык. Кыскасы, биз алардын бизнес өнөктөштөрүнүн сатуу жаатындагы шилтемелерин көрүп, аларга саресеп салуу үчүн кирип турушубуз керек экен. Эң кызыгы, алар "банкта эсебиңиз барбы?" деп сурады. 

"Жок" деген жообубузга алардан "банктык эсебиңиз жок болсо, иштеше албайбыз" деген жооп келди. 

Баамдап жаткан болсоңуз керек. Беделдүү компаниялар болушунча сылык жана кеңири маалымат берип баарлашмак. Ал эми бул жумуш берүүчүлөрдөн алар эмне менен алектенишин да биле алган жокпуз. Банктык эсебибизди болсо коопсуздук үчүн берген жокпуз. 

Буга чейин интернетте арзан пайыз менен насыя сунуштагандар тууралуу дагы маалымат чыгарганбыз.  Анда Бениндеги шылуундар 2-3% менен кредит сунуштап жатканын, баракчаларында башка жарандардын сүрөтүн бурмалап колдонушканын айтып бергенбиз. 

Сизге келип жаткан каттарга олуттуу көңүл буруңуз. Эгерде күмөндүү шилтемелер болсо, такыр ачпай эле коюңуз. Себеби сиздин электрондук капчыктарыңыздан жана банктагы эсебиңизден акча уурдагысы келген шылуундар ушул сыяктуу жолдорду көп колдонот.

Жыйынтык: фейк. Facebook Meta командасына жумушка алынганыңызды айтып кат жиберген номерлер Малайзия жана Чилиге таандык. Алар жумушка орношуу шылтоосун айтып жеке маалыматтарыңызды жана банктык эсебиңизди сурайт. Капчыгыңызга сак болуңуз.

Автор: Анарбаева Наргиза > 110 статей