БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Т-Медианын" каарманы мамлекеттин камкордугуна алынды

"Т-Медианын" каарманы мамлекеттин камкордугуна алынды

Сүрөт Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн "Фейсбук" баракчасынан алынды

Баткен шаарынын тургуну Алдияр Матраимов мамлекеттин камкордугуна алынды. Анын шарты жок турак жайда жашап ден соолугу начарлаганы, пенсиясы аздыгы тууралуу "Т-Медиа" редакциясы 14-майда видео материал жарыялаган. 

Бүгүн, 15-майда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Матраимовдон кабар алды. Жеринде анын эмгек жылдарын териштирип, мыйзамдуу пенсия менен камсыздоо тапшырмасын берди. Ал эми ден соолугу текшерилип, керектүү дарылануудан өткөрүлмөй болду. Облус башчысынын атынан атага акчалай жардам берип, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактагы башкармалыгы материалдык колдоо көрсөткөн. 

"65 жаштагы Алдияр Матраимовдун жашоосу тууралуу маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда жарыяланып көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Ал шарты жок, авариялык абалдагы үйдө жалгыз жашоо кечирип келген. Көп жыл бою базарда араба түртүп иштеген ата акыркы кезде ден соолугуна байланыштуу жумушка чыга албай, материалдык жактан кыйналып калган", - деп айтылат өкүлчүлүктүн маалыматында. 

Алдияр Матраимов жашаган үй кооптуу болгондуктан, ал Сүлүктү шаарындагы карылар үйүнө убактылуу жайгаштырылмай болду. Матраимов буга макулдугун берген. Ошондой эле айыл жаштары атага үй куруу демилгесин көтөрүп жатат. 

65 жаштагы Алдияр Матраимов тууралуу материалды "Т-Медиа" редакциясы Баткендеги "Көз караш" медиасы менен биргеликте даярдаган. Ал жаанда тамчы өтүп, кышында жылыбаган турак жайда 35 жылдан бери жалгыз өмүр сүргөн. Бул аралыкта базарда араба түртүп тиричилик кылып, өзү жалгыз жарым-жартылай үй тургузган. Анын тагдыры жана кыйынчылыктарын бул шилтемеден окусаңыз болот. Видеосу болсо төмөндө.

Автор: Анарбаева Наргиза > 110 статей