БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргыз футбол союзун башчылыгына Камчыбек Ташиев жалгыз талапкер болууда

Кыргыз футбол союзун башчылыгына Камчыбек Ташиев жалгыз талапкер болууда

Сүрөт: "Азаттык"

Кыргыз футбол союзунун президентин, жетекчиликтин жаң курамын шайлоо 19-февралда өтөт. 7 -февралда уюмдун шайлоо комитетинин жыйыны болуп, анда мекеменин президенти, биринчи вице-президент, вице-президенти жана Аткаруу комитетинин мүчөлүгү кызматына талапкерлердин баштапкы тизмеси бекитилген. 

Азырынча союздун президенттик кызматына жалгыз талапкер -  Камчыбек Ташиев көрсөтүлгөн. Аны "Талант" футболдук клубу сунуштаган. 

31-январда өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агентигине маек берип, анда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге Кыргыз футбол федерациясын жетектөө сунушун бергенин айткан

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия Кубогунан четтеп, 27-январда мекенине кайтып келгенден кийин, 29-январда федерация маалымат жыйынын өткөркөн. Анда уюмдун президенти Медербек Сыдыков кызматтан кеткенин жарыялаган

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей