БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: Алмалык айылына 150 орундуу мектеп курулууда

Ош: Алмалык айылына 150 орундуу мектеп курулууда

Сүрөт: Ош мэрия

Ош шаарына караштуу Алмалык айылында 150 орундуу мектептин жаңы имаратынын курулушу башталды. Ага республикалык бюджеттен 67 млн сом каралганын «Т-Медиага» мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкарбек Пайзиев билдирди.


Анын айтымында, мектеп эки кабаттуу болот. Долбоорго ылайык, анда спорт аянтчасы, кичи футбол талаасы, жыйындар залы, ашкана, откана жана башка зарыл болгон бардык нерселер болот. Имаратты 2024-жылдын аягында пайдаланууга берүү пландалууда. 

Салынып жаткан мектептин долбоору.

Алмалык айылы Ош шаарынын түштүк-батыш тарабында калаадан 25 чакырым алыста жайгашкан. 200дөн ашуун кожолук, 720 калк жашайт. Айылда таза суу түгүл, сугат суу да жок. Айылдыктар сууну шаардан ташып келип ичишет. Айыл мал багууга ыңгайлуу болгондуктан эл башка жакка көчүүгө макул эмес.

Автор: Улукбек кызы Асем > 284 статей