БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Токмокто милиция кызматкери пара алууга шектелип кармалды

Токмокто милиция кызматкери пара алууга шектелип кармалды

Сүрөт: УКМК

Токмок шаардык ички иштер башкармалыгын кызматкери, милициянын улук лейтенанты М. Д.К пара алып жаткан учурда кармалганын бүгүн, 24-октябрда УКМК билдирди. Шектүү 178 миң сомду алып жаткан учурда кармалган.


Атайын кызматтын маалыматына ылайык, милиционер арыз ээсинин уулунан зордуктоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында аны кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 2 000 миң доллар талап кылган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси «Опузалап пара талап кылуу» менен иш козголуп, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Учурда аталган мыйзам бузуу фактыларына тиешеси бар башка кызматкерледи аныктоо иштери уланууда.

Автор: Улукбек кызы Асем > 284 статей