БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто жеке менчик мектеп лицензиясы жок иштеп жатабы?

Ошто жеке менчик мектеп лицензиясы жок иштеп жатабы?

Сүрөт: "Т-Медиа"

Ошто жеке мектепте иштеп кеткен мугалим эмгек акысын ала албай жатканын айтып «Т-Медиага» кайрылды. Айтымында, ал иштеген билим берүү мекемеси лиценциясы жок иштеп жатат. Бирок мектеп жетекчилиги мугалимдин сөзүн четке кагууда.


Светлана Якубова иштеп кеткен «Ийгилик» жеке мектеби Ош облусунун  Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылдык аймагынын Жим айылында жайгашкан. Мугалимдин билдиришинче, мектеп үстүбүздөгү жылдын август айынан тарта балдарды кабыл ала баштаган. Бирок эч кандай тиешелүү уруксат кагаздары, документтери жок. 

Cүрөт: Светлана Якубованын арызы

«Мектеп жайдан тарта иштеп баштаган. Негизи андай иштегени мыйзамсыз. Биз августтан баштап балдарды кабыл алганбыз», -деди Якубова. 

«Ийгилик» жеке мектеби. Сүрөт: «Т-Медиа»

Мындан сырткары мугалим келишим боюнча эки ай иштегенине 75 миң сом алмак. Бирок мектеп жетекчилиги анын эмгек акысын ушул күнгө чейин берген эмес. Тиешелүү органдарга кайрылайын десе, Якубованын колунда расмий келишим жок болууда. Анткени мектептин документтери жок болгондуктан оозеки гана келишим түзүлгөн.

Мектеп жетекчилиги эмне дейт?

Ал эми «Ийгилик» жеке мектебинин директору Эльмира Маманова мугалимдин дооматтарын четке какты. Ал тиешелүү кызматтардан уруксат документтери бар экенин, билим берүү мекемеси мыйзамдуу иштеп жатканын айтат. Бирок мектептин лицензиясы жок экендигин тастыктап, жакын арада келерин белгиледи.

«Биздин каттообуз бар. Юстиция министрлигине катталганбыз, алар «балдарды кабыл алсаңыз болот» деген. Билим берүү министрлигинин буйругу дагы чыккан. Мугалимдин айлыгына келе турган болсок, Якубова менен 50 миң сом айлыкка келишим түзгөнбүз. Бирок ал бул сумманы балдардын мектепке төлөй турган акчасынан чыгарып алган үчүн айлык берген жокпуз». 

Эльмира Маманова “Ийгилик” мектебинин жетекчиси

Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмү «Ийгиликтин» каттоодо жоктугун билдирди. Мекеменин жетектөөчү адиси Мавлюда Райымжанованын маалыматында аларга караштуу 17 билим берүү жайы бар.

Мавлюда Райымжанова/сүрөт: T-Media

«Мектеп биздин аймакка караса келип каттоого туруп, отчет берип туруш керек. Бирок «Ийгилик» мектеби бизде каттоодо жок. Ал боюнча маалыматтыбыз да жок»-, дейт Райымжанова.

Билим берүү жана илим министрлигине лицензия алуу боюнча мектеп жетекчилигинин арызы 10-октябрда келген. Мекеме атайын комиссия түзүп, текшерүү жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында лицензиялык текшерүү баракчасын түзгөн. Министрликтин басма сөз катчысы Гульмира Уметалиева ал документ лицензиялоо боюнча кеңешменин кезектеги отурумунда караларын билдирди.

Кыргызстанда жеке мектептер лицензия алуу үчүн биринчи уставдарды түзүү керек. Андан кийин мектептин имараты боюнча маалымат берилет. Эгерде ижарага алган болсо, үч жылдык келишими болуусу зарыл. 

Кийинки кадамда мектептер келечектеги пландары менен тааныштыруу керек. Анын ичинде окуучулардын окуу куралдар менен камсыз болушу, кадрлар боюнча маалымат арызга кошулуп жазылат. Сегиз форманы толтуруп министрликке жиберет. Арыздын негизинде Билим берүү министрлиги тарабынан комиссия түзүлөт. Андан кийин гана уруксат кагаз берилет. 

Автор: Осмонова Айдана > 510 статей