БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Ош шаарында арзан көмүр саткан жайлар уюштурулду. Даректери
Ош шаарында арзан көмүр саткан үч жай ачылды. Бул тууралуу "Т-Медиага" Кыргызкөмүр ишканасынан билдиришти. Кампаларда кара алтындын килограммы 7 сомдон 11 сомго чейин сатылууда. Даректери:
- Жибек-Жолу МАБынын Айни көчөсүндө;
- Жапалак МАБынын Татар айылындагы Уларов көчөсү;
- Учар, Дача участоктору (122-маршруттук каттамдын акыркы аялдамасы) сатылууда.
Бул жайларга көмүр мамлекеттик "Загара" кенинен алынып келинип жатат. Бирок бир тоннадан ашык сатып алууга чектөө киргизилген. Кыргызкөмүр буга жарандардын кара алтынды көп өлчөмдө алып, кайра сатып атканы себеп болгонун кошумчалады.
Мындай пункттан Ош облусу боюнча 12 жай уюштурулган.
Былтыр көмүрдүн баасын 5 сомдон 8 сомго чейин болгон.
Автор: Улукбек кызы Асем > 413 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat