БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

«Мурас» партиясынын айрым талапкерлери мандат адилетсиз бөлүштүрүлгөнүн айтып чыкты

"Мурас" партиясынын айрым талапкерлери мандат адилетсиз бөлүштүрүлгөнүн айтып чыкты

“Мурас” саясий партиясынын логосу

Ош шаардык кеңешине мандат бөлүштүрүүдө "Мурас" саясий партиясынын ичиндеги талапкерлер арасында нааразычылык орун алган. Бул тууралуу талапкер Алимбек Аткурбанов айтып чыкты. Айтымында, ал шайлоодо 568 добушун алган. Бирок андан аз алгандар депутат болгон.

"Башында партия ичинде "Эгерде мен натыйжылуу добуш алып келе албай калсам, артымдагы талапкер өтөт" деп жазып, кол коюп бергенбиз. Ошол документке партиянын лидери Данияр Абдылдаевич (ред-) өзү кол койгон эмес. Ашимжан кызы Айпери, Абдрахманов Ильяз деген жазган эмес. Булар тизме боюнча алдыда болчу. Көрсө алардын "жетиштүү добуш албай калсак да кайтпайбыз" деген ойлору бар экен эле. Азыр эми эч бир добушу жок эки талапкер мандат алып отурушат. 86, 14 добуш менен кантип кызмат кылат?", -дейт Аткурбанов.

Айпери Ашимжан кызы болсо мандат ага партиянын чечими менен берилгенин билдирди. Ал эми Илияз Абдрахманов көп добуш алганын айтууда. Бирок анын жыйынтыгы кайда кеткенин билбей турат.  

"Мурастын" лидери Кутманаалы Абдрыхман уулу көп добуш менен келгендер мандат алары партиянын ички чечими болгонун айтты. Анын сөзүнө караганда, алдынкы тизмедегилер убадасын аткарган эмес. Мындан улам ушул жагдай жаралып жатыптыр. 

"Айрым талапкерлер алдын ала макулдашылган чечимдерге макул болбогон факттар катталды. Бул боюнча биз дагы тактоолорду жүргүзөбүз. Мыйзамда чара көрүү буга жок экен. Себеби сөзүнө турбай коюу деген кантип жазаланат? Бирок фракциянын өзүндө буга мамилеси болот", -дейт ал.

Ош шаардык кеңешинин 6-чакырылышына жалпы беш партия босого пайыздан өтүп келген. 22 мандатты "Жаңы-Кыргызстан" партиясы алды. Ал эми "Ынтымак" 10, "Мурас" 8, "Милдет" 6, "Бир Бол" 5 мандатка ээ болду.

Автор: Улукбек кызы Асем > 413 макала