БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Милиция Чүйдө мектеп окуучулары таттууга ууланганын кабарлады

Милиция Чүйдө мектеп окуучулары таттууга ууланганын кабарлады

Сүрөт: Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы

Чүй районунун Искра айылында 12 окуучусу таттууга ууланып, дарыгерге кайрылышты. Бул тууралуу 28-ноябрда облустук ички ичтер башкармалыгы маалымдады.

Мекеменин билдиришинче, 27-ноябрда Токмок шаардык ооруканасына 12, 16 жаштагы балдар тамак-ашка уулануу белгилери менен кайрылган. Аларга медициналык жардам көрсөтүлүп, учурда үйлөрүндө. Балдардын абалы туруктуу деп бааланууда.

Териштирүү маалында 7-класстын окуучусу Искра айылындагы таштанды таштоочу жайдан “BEN 10” маркасындагы таттууларды жана суусундукту таап, мектепке алып келгени белгилүү болгон. Аларды классташтарына тараткан. Натыйжада окуучулар ууланып, ооруканага кайрылууга аргасыз болушкан.

Учурда аталган продукциялар экспертизага жөнөтүлүп, тиешелүү соттук-медициналык текшерүү дайындалган. Окуя иликтенип жатат. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 413 макала