БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Райондук сот Райымбек Матраимовду абакта калтырды

Райондук сот Райымбек Матраимовду абакта калтырды

Сүрөт: t-media/Максат Боромбаев

22-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун баш коргоо чарасын карады. Соттун чечими менен ал 26-июнга чейин абакта калтырылганын "Т-Медиага" мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

26-марттын кечинде Райымбек Матраимов Азербайжандан Бишкеке алынып келинген. УКМК ал менен кошо үч бир тууганы кармалганын маалымдаган

Райымбек Матраимовго "Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу", "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелери менен айып тагылган. Бир туугандары Руслан жана Исламбек Матраимовдорго Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу", Тилек Матраимовго "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен иш козголгон. 

27-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасын карап, 26-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Ал эми Ош шаардык соту  Тилек Матраимовду бир айга, Руслан жана Исламбек Матраимовдорду 18-майга чейин камакка алган. 

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

Райымбек Матраимов 1997-жылдан тартып Бажы тармагында эмгектенген. Кызматтан көтөрүлүп отуруп, 2015-2017-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей