БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сот журналист Актилек Капаровду да абакта калтырды

Сот журналист Актилек Капаровду да абакта калтырды

Сүрөт: t-media/Максат Боромбаев

Бишкек шаардык соту "Алга Медианын" журналисти Актилек Капаровдун бөгөт чарасын карап, Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Ал 13-майга чейин абакта болот. 

Шаардык сот мындан сырткары бүгүн, 1-апрелде "Темиров LIVE" жана "Айт айт десе" долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызы, "Нур пресс" медиасынын журналисти Жоодар Бузумов боюнча да райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

Ал эми 27-мартта "Темиров LIVE" редакциясынын кызматкери Максат Тажыбек, Азамат Ишенбеков,  "ПолитКлиника" медиасынын журналисти Тыныстан Асыпбековдун бөгөт чаралары каралып, алар дагы абакта калган. 29-мартта Айке Бейшекееваны камакта калтырган.

12-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту журналисттердин ишин карап, сегизинин камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан. Ал эми "Темиров LIVE" редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына чыкса, медианын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев эч кайда чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулган. Ошондой эле долбоордун кызматкери Сапарбек Акунбеков жана мурдагы кызматкер Жумабек Турдалиев да тил кат менен чыккан.

Журналисттердин жапырт кармалышы

16-январда таң эрте Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Темиров LIVE" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Айт, айт десе" жана "Темиров LIVE" долбоорлорунун, "Арча Медианын", "Алга медиа" каналынын жана "ПолитКлиника" басылмасынын кармалган 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган. Журналисттердин адвокаттары апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. Алардын арызы канааттандырылган жок.

ИИМ "Айт, айт десе" жана "Темиров LIVE" баракчаларындагы жапырт башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" беренесинин үчүнчү бөлүгү "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

"Арча Медианын" (мурдагы Next TV медиасы) журналисти Сайпидин Султаналиев менен  "Алга Медианын" журналисти Актилек Капаровдун бөгөт чарасы каралып, райондук соттун чечими өзгөртүүсүз калды.  

Автор: Максат Боромбаев

Автор: Т-Медиа > 323 статей