БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Статком: беш жылда Кыргызстанда азыктардын баасы 50%га өстү

Статком: беш жылда Кыргызстанда азыктардын баасы 50%га өстү

Сүрөт интернеттен алынды

Соңку беш жылда тамак-аш азыктарынын баасы эң көп Нарында көтөрүлгөн. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин "Баалар" басылмасында жарыяланды.

2018-жылдагы бааларга салыштырмалуу 2023-жылдагы наркты караганда, Нарын облусунда алкоголдук ичимдиктер жана тамеки эки эсе, тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар 75,8 пайызга кымбаттаган. Бул расмий айтылган баалардын негизинде түзүлгөн статистика боюнча гана эсеп.

Өлкө боюнча баалар орточо 51%га көтөрүлгөн.

 

Ал эми Ошто азык-түлүк эмес товарлар эң көп кымбаттаган. Нан азыктары жана акшактардын наркы Таласта 86,2 пайызга көтөрүлгөн. Ундун баасы эки эсе өстү.

Автор: Анарбаева Наргиза > 110 статей