БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жасалма интеллект жасалма чек чыгарууда. Сак болуңуз!

Жасалма интеллект жасалма чек чыгарууда. Сак болуңуз!

Коллаж

Ишкер болсоңуз, абайлаңыз!

Атайын төлөм чектерин жасалмалаган телеграм-боттор пайда болду. Жакында эле Бишкектеги жаш балдардын кийимин саткан aldey_aldey дүкөнү ушундай шылуундарга алданып калган.  Алардын администратору окуяны биздин редакцияга айтып берди. 27-январь күнү кардар дүкөндөн онлайн соода кылган. Ымыркайга алты таңгак жалаяк буюртма кылып, Яндекс такси кызматы аркылуу жеткирип берүүнү суранган. Бул 9200 сомдук товар болгон. Товар кардарга жөнөтүлгөн, бирок ал жиберген төлөм дүмүрчөгү жасалма болуп чыккан. 

 

 

"Биз дүмүрчөктөрдү жетекчиликке текшергенге жиберебиз. Бирок ошол күнү бир аз (10-15 мүнөт) текшергендер кармалып калышты. Бул убакта кардар аябай шаштырып, жазып туруп алды. Чекте номерлерди, атын карадым. Баары эле туура болгондуктан салып жибергенмин. Бир аз өткөндөн кийин жетекчилик "акча түшпөдү" деп чалып калды. Кайра кардарга байланышканыбызда жакшы эле жооп берип, "менден акча которулган, Мбанкка чалып көргүлө" деп жазып жатты. Бирок кийин товарды да кайтарбай, акчаны да которбой телефонун өчүрүп, жок болуп кетти."

Эмне болгон дүмүрчөк эле? 

Дүкөн бул дүмүрчөк атайын телеграм-бот аркылуу жасалганын айтып чыккан. Андай боттордун бирине биз өзүбүз да дүмүрчөк жасатып көрдүк. Мисалы, бул ботко жазганда дароо эле орусиянын мыйзамдары тизмектелип, дүмүрчөктү жасалмалоо мыйзамсыз экени, аны башкаларды алдоо үчүн колдонушса жоопкерчиликти канал эмес, кардар өзү алары жөнүндө кайрылуу пайда болду.

Телеграм-бот чектердин түрүн 100-120 рублга чейин жасап берет. Дүмүрчөктү PDF форматта, скриншот, телефондун ар кайсы түрүндөгү көрүнүшүн өзүндөй кылып жасайт. 

Бирок биздин мисалдагы дүмүрчөк менен О!Деньги электрондук капчыгынын чыныгы дүмүрчөгүндө айырма бар. Мисалы, МBANK тиркемесинин аталышы жасалма дүмүрчөктө башкача жазылып калган. 

 

Мындай жасалма дүмүрчөк менен шылуундук кылуу кылмыш болуп эсептелишин унутпаңыз. Кыргызстанда "Алдамчылык" беренеси менен кармалгандар келтирген зыянына карап айыпка жыгылат же үч жылдан беш жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн. 

Ишкер болсоңуз, кабыл алган дүмүрчөктөрүңүздү, кылдат текшериңиз. Такталган маалыматтарды биздин соцтармактардан окуп туруңуз.

Instagram Facebook Telegram YouTube
 

Автор: Анарбаева Наргиза > 110 статей