БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жогорку Кеңештин төрагаларына "экс-төрага" макамын берүү сунушталды

Жогорку Кеңештин төрагаларына "экс-төрага" макамын берүү сунушталды

Жогорку Кеңештин төрагасы жана орун басарлары/ Сүрөт: интернеттен алынды

Мындай мыйзам долбоорду Жогорку Кеңештин депутаттары Нуржигит Кадырбеков менен Замирбек Мамасадыков иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоордун негиздемесинде төрагалар өлкөнүн саясий жана коомдук турмушунда маанилүү күч экендиги жазылган. Бирок аларга мамлекет тарабынан тиешелүү кепилдиктерди берүү боюнча так мыйзамдык ченемдер көрсөтүлүп берилген эмес.

Мындан сырткары долбоордо Жогорку Кеңештин экс-төрагасына жана анын жубайына дипломатиялык паспорт алууга, акысыз медициналык кызмат менен камсыз болууга, аэропорттордун, темир жолдордун расмий делегациялар үчүн бөлүнгөн залдарын акысыз пайдалануу укугу каралган. 

Эгерде экс-төрагага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген учурда анын макамы алынат. 

Учурда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев. Ал парлементтин 21-төрагасы. Өлкө тарыхында Жогорку Кеңешти 20 төрага башкарды. 

Автор: Осмонова Айдана > 587 статей