БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы болуп Орозбек Турдубеков шайланды

Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы болуп Орозбек Турдубеков шайланды

Орозбек Турдубеков. Сүрөт: Жалал-Абад мэрия

Жалал-Абад шаардык кеңешине жаңы шайланган депутаттарга 28-ноябрда мандат берилип, алгачкы жыйынын өткөрдү. Ошол эле күнү "Адилет" партиясынан Орозбек Турдубековду төрага кылып шайлашты. Анын талапкерлигин 37 депутат жактырып, үчөө каршы добуш берди. Бул туурасында шаардык кеңештин маалымат кызматы билдирди. 

Орозбек Турдубеков – 32 жашта. "ЖБЗ Жалал-Абад  бетон заводу" ЖЧКсынын негиздөөчүсү. Калаадагы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин экономика жана менеджмент адистигин аяктаган.

Жалал-Абад шаардык кеңешине 41 мандат бар. Бул орундарга жетүү үчүн 17-ноябрдагы шайлоодо "Жаңы-Кыргызстан, "Адилет", "Эмгек" партиялары ат салышкан. Натыйжада үчөө тең беш пайыздык босогодон ашып жеңүүчү аталды.

Депутаттык мандаттардын көпчүлүк бөлүгүн "Жаңы-Кыргызстан" (20 мандат) алды. Ал эми "Адилет" 17, Эмгек төрт мандатка ээ болду. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 413 макала